1,2-октябрда «Газпром-Балдар» спорттук-эс алуу комплексинде дзюдо боюнча Бишкек шаарынын мэринин  кубогу өтөт.

Бул турнир 3-жолу өтүп жатат. Биринчи турнир 2019-жылы өткөн. 2020-жылы ал пандемиядан улам токтотулуп, экинчиси 2021-жылы өткөрүлгөн.

Кубокко 2005-2007-жылы туулган улан-кыздар 8 салмак категориясы боюнча катышат. Ага борбор калаанын спорттук мектептеринен жана клубдарынан 100дөн ашык спортчу катышаары күтүлүүдө.