Октябрь районун акими Азамат Дороевдун жетекчилиги алдында кезектеги пландык жыйын өттү. Жыйынга райондун түзүмдүк бөлүмдөрү жана МАБдардын начальниктери катышышты.

Күн тартибине ылайык үч маселе каралды:

2022-жылдын 8 айына карата администрациянын аткаруу тартиби жөнүндө;
2022-жылдын 8 айына карата «Тазалык» МИ аткарган иштери жөнүндө;
2022-жылдын 8 айына карата «Бишкекжарык» МИ аткарган иштери жөнүндө.

Жыйындын жыйынтыгында аким Азамат Дороев түзүмдүк бөлүмдөрдүн ишин күчөтүүнү тапшырып, “Бишкекжарык” МИна Октябрь районунун көчөлөрүн жарыктандыруу тууралуу тапшырмаларды берди.

Андан тышкары борбор калаанын мэри Эмилбек Абдыкадыровдун тапшырмасы менен жаңы типтеги таштандыларды сорттоочу жана өзүнчө чогултуу боюнча пилоттук долбоорун ишке ашыруу максатында   “Тазалык” МИна жана МАБтын начальниктерине протоколдук тапшырмалар берилди.

Ошондой эле Ленин районунда аким Русланбек Тагаевдин төрагалыгында кезектеги пландык жыйын өттү. Жыйынга райондун түзүмдүк бөлүмдөрү жана МАБдардын начальниктери катышышты.

Күн тартибине ылайык, жетекчинин протоколдук тапшырмаларынын аткарылышы жана 2022-жылдын 8 айында Ленин райондук ӨК бөлүмүнүн аткарган иштери боюнча отчету угулду.

Жыйындын жыйынтыгында район башчысы Ленин райондук ӨК бөлүмүнүн башчысына “Ала-Арча” дарыясынын нугун жана “Манка-Жар” капчыгайынын абалын жеке көзөмөлгө алып, райондун соода борборлорунда, базарларында өрт коопсуздугун сактоо боюнча график менен машыгууларды өткөрүү тапшырмасы берилди. «Бишкекасфальтсервис» МИнын жетекчисине райондун аймагындагы жолдорду жана тротуарларды курууну күчөтүп, суук түшкөнгө чейин бардык иштерди бүтүү зарылдыгын белгиледи. Ленин району боюнча салык кызматына жергиликтүү салыктарды жыйноо боюнча пландуу көрсөткүчтөргө жетишүү үчүн комплекстүү чараларды көрүү тапшырмасын берди.