“Тазалык” муниципалдык ишканасы шаарды көрктөндүрүү жана санитардык тазалоо иштерин улантууда.

30-сентябрда шаардагы фонтандарды өчүрүү жана кышка даярдык көрүү пландалууда. Ишкананын кызматкерлери фонтандар өчүрүлгөндөн кийин фонтандардын бассейининдеги сууну агызып, тазалоого киришет. Атайын техниканын жардамы менен электр насостору жана саптамалар демонтаждалат. Фонтан комплекстеринин лампалары  тазаланат.

Октябрдын аягына чейин фонтандарды кышка толук даярдоо пландалып, ноябрь айында насосторду, электр кыймылдаткычтарын, суу түтүктөрүн, электр панелдерин капиталдык оңдоодон өткөрүү жана тетиктерди алмаштыруу иштери башталат.

Айта кетсек, “Тазалык” муниципалдык ишканасынын балансында жалпы 16 фонтан бар.