Транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаментинин маалыматына ылайык, 29-сентябрдан тарта Садыбакасов көчөсүнүн Абдрахмановдон Эр-Тайлакка чейинки бөлүгү унаа кыймылы үчүн ачык.

Жолду реконструкциялоо долбоору «Бишкекбашкыархитектура» мамлекеттик мекемеси тарабынан берилген архитектуралык-пландоо шарттарынын негизинде иштелип чыгып, мамлекеттик экспертизадан өткөн. Эки тилкелүү жолдун узундугу 1,7 км, жүрүүчү бөлүктүн туурасы 9 метрди түзөт. Жолдун эки тарабына 1,5 метрлик тротуарлар жана сугат арыктар салынды.

Белгилей кетсек, жол куруу иштери бүткөрүлгөнүнө карабастан, бардык кемчиликтер биротоло жоюлмайынча, кабыл алуу актысы кабыл алынбайт. Жолдордун сапаты мамлекеттик стандартка шайкештиги дыкаттык менен текшерилгенден кийин гана 3 жылдык кепилдик менен бүтүрүү актысы түзүлөт.

Үч жылдын ичинде подряддык уюм өз каражатына жолду оңдоп берет. Иштерди подрядчы – «China Road and Bridge Corporation» компаниясы Кытай Эл Республикасынын гранттык каражаттарынын эсебинен «Бишкек шаарынын жол тармагын өнүктүрүү» фаза-2 долбоорунун эсебинен жүргүздү.