Бишкек шаарынын мэриясы транспорт жагынан жардам берүүдө.
Бишкек шаарынын мэриясынын Транспорт жана жол- транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаменти тарабынан кичи автобустар уюштурулуп, алар күн сайын Баткен районунун тургундарын кичи мекенине жеткирүүдө.
Транспорт департаменти 3 күн ичинде Баткен облусуна чек арадагы айылдардын эвакуацияланган 1016 тургуну менен 54 кичи автобус жөнөттү.
Муниципалитет Баткен облусунан келген мекендештерге ар тараптуу жардам көрсөтүүнү улантууда.