Бишкек шаарынын мэриясы «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Мыйзамынын талаптарына жооп бербеген жана уруксатсыз орнотулган жарнамаларды алуу иштерин улантып жатат.
Калык Акиев – Токтогул көчөлөрүнөн баштап Токтогул – Чыңгыз Айтматов проспектине чейин алуу иштери жүргүзүлүп, 12 жарнамалык штендер, 20 жарнамалык пано, 35 жарнамалык баннер алынды.