Борбор калаанын мэриясы алдыдагы күз-кыш мезгилине көмүрдү өз убагында даярдоону эске салат.

Бүгүнкү күндө Биринчи май районунун аймагында Кара-Кеченин көмүрүн сатуучу үч пункт ачылды:

- "Ак-Босого" конушунун Архитектура көчөсүндө, Чүй проспектиси 14 дарегинде  1 тоннасы 4300 сомдон сатылууда;

- Мурас-Ордо конушунун Мурас-Ордо 13 жана 19 көчөлөрүнүн кесилишинде көмүрдүн тоннасын 4500 сомдон же бир мүшөк көмүр 170 сомдон сатууда.

1-октябрдан тарта Дэн Сяопин проспектиси 531 боюнча жаңы пункт иштей баштайт, баасы 1 кап көмүр үчүн 200 сомду түзөт.

Свердлов районунда Достоевский көчөсү, 1 дарегинде көмүр базасы жайгаштырылган, шабыркүл көмүрү бир тоннасы 5000 сомдон сатылууда, ошондой эле Келечек конушунда айланма өтүүчү жолдун боюнда бир кап 250-300 сомдон сатылган пункттар иштеп жатат.

Ленин районунун аймагында катуу отундарды сатуунун алты пункту төмөнкү даректер боюнча жайгашкан:

-    Мурман көчөсүнүн 126 үйү,  4000 сомдон сатылууда, анын ичинде жүктөө, бирок жеткирүү жок;

-    "Кара-Тоо" ЖЧК Мурман көчөсүнүн 45/2 үйү (мурдагы «Торг-Синтез» ЖЧКсы) 5000 сомдон сатылат;

-    "Береке" ЖЧК Мурман көчөсүнүн 122, 122а үйлөрү 4000 сомдон сатылат;

-    «Беш Сары» ЖЧК Мурман көчөсүнүн 1Б үйү, 4200 сомдон сатылат;

-    Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин көмүр базасы Дэн Сяопин проспектиси, 306а үйү 4200 сомдон сатылууда;

-    «Болотбеков» ЖЧК Дэн Сяопин проспектиси, 308/4 үйү, 4200-5500 сомго чейин сатылууда.

-    Ошондой эле, кошумча көмүр сатуучу пункттар  ачылды. Алыкулов көчөсүндө 250 сомдон 350 сомго чейин, Гагарина көчөсүнүн 67 үйүндө 250 сомдон 400 сомго чейин капка салынып сатылууда.

Октябрь районунун аймагында «Кара-Кече», «Кара-Жыра», «Беш-Сары» көмүрлөрүн  сатуучу үч пункт жайгаштырылган:

- «Глобал Азия Пропертис» ЖЧК «Төкөлдөш» конушу 1 дарегинде  тоннасы 5000 сомдон;

- Достоевский көчөсү 97дарегинде  1 тоннасы 4000 сомдон;

- Октябрь  көчөсү (Анкара) 2/2 1 тоннасы 4000 сомдон;

- Анкара көчөсү 1а  дарегинде 1 тоннасы 4000 сомдон.

Урматтуу шаардыктар! Кышка даярдыкты көрүү үчүн алдын ала көмүр сатып алыңыздар.