Октябрь акимчилигинде Бишкек шаардык КМДБ казысынын орун басары, райондун имамдары, МАБдын начальниктери жана укук коргоо органдарынын өкүлдөрүнүн катышуусунда тегерек стол болуп өттү. Тегерек столдо диний экстремизмге каршы туруу маселелери талкууланды.

Талкуунун жыйынтыгында тегерек столдун катышуучулары төмөнкүдөй иш-чараларды жүргүзүү зарыл деген тыянакка келишти:

- Кыргыз Республикасынын Президентинин № 54 Жарлыгын ишке ашыруу максатында биргеликте калкка, анын ичинде ЖОЖдордо, бардык жеке менчик түрүндөгү ишканаларында, тамактануу пункттарында түшүндүрүү иштерин туруктуу негизде жүргүзүү рейддердин өткөрүү;

- Администрациянын социалдык бөлүмүнүн адисинен, ИИБнын ИДН/экстремизмге каршы күрөшүү кызматкерлеринен, дин өкүлдөрүнөн, Октябрь райондук билим берүү жана социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын өкүлдөрүнөн турган комиссия түзүү;

- Диний-экстремисттик агымдардын мүчөлөрүнүн жашы жете элек балдарынын укуктарына шек келтирүүгө багытталган мыйзамсыз аракеттеринин фактыларын документтештирүү, атап айтканда, алардын Конституцияда кепилденген жалпы билимин жана милдеттүү профилактикалык эмдөөлөрүн алуу үчүн комплекстүү иш-чараларды жүргүзүү;

- Расмий мусулмандар дин башкармалыгынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, укук коргоо органдарынын, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүн тартуу менен диний-экстремисттик агымдардын жайылтуу коркунучтары жөнүндө калк арасында кеңири масштабдуу профилактикалык жана түшүндүрүү иш-чараларын уюштуруу.

Тегерек стол Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н.Жапаровдун 2022-жылдын 24-февралындагы №54 «Кыргыз Республикасында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндө»  Жарлыгын аткаруу максатында өткөрүлдү.