Ленин районунун акими Русланбек Тагаев N№ 8 мектепке чейинки билим берүү уюмунун имаратынын капиталдык ремонтунун жүрүшүн текшерди

«НАК-Строй» ЖЧКсы  подряддык уюму тарабынан имаратка капиталдык оңдоо иштери жүргүзүлүүдө. Коомдук тамактануу жана кир жуучу жайлардын жылытуу системасын алмаштыруу иштери бүткөрүлүп, косметикалык оңдоо иштери жүрүп жатат. Оңдоо иштери 2022-жылдын 1-августунда башталып, долбоорго ылайык, 2022-жылдын 1-ноябрына чейин бүткөрүлөт.

№ 8 бала бакча 1954-жылы курулган. Аймакта 7 блок бар, анын ичинен В, Е, Г блоктору авариялык абалда жана 1992-жылдан бери иштебейт. А, В, З, У блоктору 2019-жылдан бери иштебейт. Бала бакчанын имаратынын «А» блогу 4 тайпага ылайыкталган, долбоордук кубаттуулугу 120 балага ылайыкталган. Инженердик коммуникациялар жана жабдуулар иштен чыккан. Бала бакчанын аймагында имараттар, чарбалык курулуштар (чатыр, бастырма, котельный, кир жуучу жай, тамбур) жайгашкан.

Район башчысы оңдоп-түзөө иштеринин сапатына өзгөчө көңүл бурууну суранып, аны бүткөрүү мөөнөттөрүн аткаруу зарылдыгын жооптуу адамдарга эскертти.