“Кыргыз Республиксынын мамлекеттик тили жөнүндө” Мыйзамынын кабыл алынгандыгынын 33 жылдыгына карата мамлекеттик тилдин бир айлыгы боюнча “Шаардык иш-чаралардын планын ишке ашыруунун жыйынтыгы жана учурдагы көйгөйлүү маселелер” деген аталышта иш-чара өткөрүлдү.

Иш-чараны Бишкек шаарынын мэриясынын Мамлекеттик тилди өнүктүрүү бөлүмү Бишкек шаарынын мэриясынын райондук администрацияларынын, түзүмдүк жана аймактык бөлүмдөрүнүн, муниципалдык ишканаларынын мамлекеттик тилди өнүктүрүү боюнча адистеринин (лингвист-эксперттеринин) катышуусу менен уюштурду.

Жыйынтыгында  көп жылдык ак ниет жана үзүрлүү эмгеги үчүн бир нече кызматкерге бөлүмдүн Ардак грамотасы тапшырылып, жалпы катышуучуларга орусча-кыргызча сөздүктөр берилди.