Шаардык карылар үй-интернатында «Бишкексууканал» башкармалыгынын суу менен камсыздоо кызматынын адистери 12 саат иштешти.

Ал жерде  диаметри 100 мм болгон суу түтүгү жарылып кеткен.

Маалым болгондой, имаратты суу менен камсыз кылган түтүк акыры жараксыз абалга келип, андан улам суу агып кеткен. Түтүк жарактан чыккандыктан, жамоо мүмкүн болгон жок.

Жумушчулар түтүктүн бир бөлүгүн жаңысына алмаштырышты. Алмаштыруу иштери түнкү саат экиде аяктады.