Карылар күнүн утурлай Ленин районунун акими Русланбек Тагаев Кыргыз Республикасынын эл сүрөтчүсү Виктор Шестапалдын үйүндө болуп, Эл аралык карылар күнү менен куттуктады.

Виктор Арнольдович Шестопал - советтик жана кыргыз скульптору, Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген сүрөтчүсү (1985), Кыргыз Республикасынын эл сүрөтчүсү жана артисти (1997), Кыргыз Республикасынын Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгынын адабият, искусство жана архитектура жаатында лауреаты (2002), профессор (2003), СССР Сүрөтчүлөр союзунун мүчөсү (1977), Бишкек шаарынын ардактуу атуулу (2009) жана “Данк” медалынын ээси. Монументалдык скульптуралардын ичинен эң маанилүүсү Улуу Ата Мекендик согушта курман болгон жоокерлердин эстелиги (Токмок шаары) жана Бишкектин борборунда Кыргыз-Орус Славян университетинин жанына орнотулган А.С.Пушкиндин эстелиги жана башка көптөгөн эмгектердин ээси.

Жолугушунун жүрүшүндө Виктор Арнольдович өзүнүн өнөрканасын көрсөтүп, анын уникалдуу эмгектери тууралуу кеңири айтып берип жана район башчысна көңүл бургандыгы үчүн ыраазычылык билдирди.