Эл аралык карылар күнүн утурлай Свердлов районунун акимиаты жүз жашка чыккан жана андан да узак жашап жаткан тургундардын үйлөрүнө конокко барып келди.

Акимчиликтин кызматкерлери кылым карыткан, 100 жаштан ашкан 4 шаар тургунуна барып, материалдык жардам көрсөтүштү.

Борбор калаанын муниципалитети шаардыктарды Эл аралык карылар күнү менен куттуктап, бардыгына чың ден соолук жана бакубатчылык каалайт.