Бишкек троллейбус башкармалыгынын имараты оңдолуп жатат. Тактап айтканда, №1-Депонун жолунун чуңкурлары оңдолуп бүттү. Ошол эле учурда №1 жана №2 Депонун имараттарынын чатыры алмаштырылууда.
Мындан тышкары, учурда №2-Депонун ички түзүмүндө капиталдык оңдоо иштери жүрүп жатат.
Эске салсак, Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыровдун тапшырмасы менен Бишкек троллейбус башкармалыгынын башкы имаратынын сырткы фасады, башкармалыктын карамагындагы 5 көмөк чордон оңдоп-түзөөдөн өткөн.