Ленин акимчилигинде Кыргыз Республикасынын билим берүү кызматкерлеринин күнүнө карата салтанаттуу иш-чара өттү.    

Иш-чарага жогорку, орто атайын окуу жайлардын жетекчилери, жалпы билим берүү жана мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын директорлору, мектептерде 50 жылдан ашык эмгектенген мугалимдер, ошондой эле райондогу мектеп жана бала бакчалардын мурдагы директорлору катышты.

Район башчысы мектеп жана бала бакчалардын мурдагы директорлоруна балдарды тарбиялоодо жана окутууда үзүрлүү жана күжүрмөн эмгеги үчүн терең ыраазычылык билдирип, муниципалдык администрациясынын ыраазычылык каттарын жана аты жазылган сааттарын тапшырды.

Чакырылган билим берүү уюмдарынын кызматкерлерине баалуу белектер тапшырылды.