“Тазалык” муниципалдык ишканасы шаарды көрктөндүрүү иштерин улантууда.

Ишкананын кызматкерлери Чүй проспектисинин Будённый көчөсүнөн Разин көчөсүнө чейинки бөлүгүнө таманташ төшөй башташты.

715 чарчы метр аянтка таманташ төшөлүп, 206 погон  метр тротуар бордюрлары коюлат. Жумушка жалпы 13 кызматкер жана 3 бирдик атайын техника тартылды.

“Тазалык” муниципалдык ишканасы борбор калааны күн сайын иретке келтирүүнү улантууда. Шаарды санитардык тазалоо боюнча кызматта 628 тазалоочу жана 105 жүктөгүч, 42 атайын техника тартылган. Катуу тиричилик таштандыларын чыгаруу линиясында 86 жүктөгүч жана 42 атайын техника иштеп жатат.