“Бишкексууканал” башкармалыгынын  кызматкерлери өздөрүнүн кан басымын билүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту. №6 ҮМБнын медицина кызматкерлери каалоочуларды текшерип, оорунун алдын алуу боюнча кеңештерин беришти.

“Кан басымыңды бил” акциясынын алкагында ар бир адам артериялык гипертензия боюнча өз билимин баалап, талдай алышты.

Акциянын максаты - калктын гипертониялык оорулардын өтүшүп кетишини алдын алуу жана  тобокелдик факторлору боюнча  маалымдуулугун жана билимин жогорулатуу болуп саналат