Ушул ишембиде, 8-октябрда, борбор калаабызда масштабдуу ишембилик өткөрүлөт.

Бишкек шаарынын мэриясы бардык шаар тургундарын, чарба жүргүзүүчү субъекттерди масштабдуу жалпы республикалык ишембиликке катышууга чакырат.

Урматтуу шаар тургундары! Айлана-чөйрөгө кам көрүү, тазалык жана ыңгайлуулук ар бирибизден башталат! Четте калбай, жарандык активдүүлүктү көрсөтүңүздөр!