Сиздерди кесиптик майрамыңыздар – Мугалимдердин күнү менен чын жүрөгүмдөн куттуктайм.

    Мугалимдик кесип дүйнөдөгү эң баалуу, сый-урматка татыктуу ардактуу кесип. Заманыбызда болуп жаткан өзгөрүүлөрдүн, жаңы ачылыштардын болушу адам баласынын акыл эси, ак эмгегинин аркасынан келип жатканын эске алсак, анда алардын ошол бай казынасынын пайдубалы Сиздердин берген билим, тарбияңыздардын аркасында болгондугу талашсыз. 

    

   Ошондон улам, Сиздер, биз жашап жаткан коомдун жакшы жагына багыттоочулары, агартуучулары жана жаратмандары экендигиңиздер айдан ачык экенин баса белгилегим келет. 

     Жалпы адамзаттын баалуулуктарын, улуттук наркты жаш муундардын кан-жанына сиңирип, адамзаттын басып өткөн жолун, жетишкендиктерин жана келечектеги мүмкүнчүлүктɵрдү окутуп үйрөтүүдөгү эмгегиңиздер баа жеткис. Биз Сиздер менен ар дайым сыймыктанабыз жана урмат-сыйыбызды түбөлүк жасай беребиз. 

                                        Урматтуу мугалимдер!

Кесиптик майрамыңыздар менен дагы бир жолу куттуктаймын.  Сиздерге чың ден соолук, үй-бүлөңүздөргө бакыт-таалай, ардактуу ишиңиздерге албан ийгиликтерди каалайм! 

Сиздерди терең урматтоо менен Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров