Бишкекте Октябрь акимчилигинин колдоосу менен муниципалдык органдардын өкүлдөрү үчүн тиричилик таштандыларын сорттоо аркылуу борбордун экологиясын сактоо боюнча окуу уюштурулду.

ТАЗАР долбоорунун негиздөөчүлөрү тиричилик таштандыларынын түрлөрү, таштандыларды сорттоо жана жеткирүү ыкмалары боюнча презентация жасашты.

Бишкек шаары боюнча бир нече таштанды чогултуу пункттары бар, шаар тургундары ошол жерден  сорттолгон таштандыларын упайга алмаштыра алышат.

Кененирээк маалыматты TAZAR мобилдик тиркемесин Play market, App Store дүкөндөрүнөн жүктөө аркылуу алса болот.