Көрктөндүрүү жана жер пайдаланууну көзөмөлдөө боюнча муниципалдык инспекциясы тышкы жарнактарды иретке келтирүүдө.

Мындай иштер «Тазалык» ишканасы менен биргеликте Абдрахманов көчөсү Бөкөнбаев көчөсүнөн Токтогул көчөсүнө чейинки бөлүгүндө жүргүзүлүүдө.

6-октябрда вице-мэр Нурдан Орунтаев баштаган тиешелүү кызматтар аталган көчөнүн тилкесин комиссиялык кароодон өткөрүштү. Жыйынтыгында шаарды тышкы жарнама таштандыларынан тазалоо боюнча тапшырмалар берилди.

Бирок акча алмаштыруучу жайлардын ижарачылары тарабынан нааразычылыктар болгон. Вице-мэр ижарачылар менен баарлашты. Жыйынтыгында биз «Бишкекбашкыархитектура» мамлекеттик мекемесинен керектүү уруксат кагаздарын алуу чечимине келдик. Вице-мэр өз кезегинде бул маселени чечүүдө шаардыктарга жардам берерин жана каалаган убакта   кабыл алууга даяр экенин белгиледи.

Ошондой эле муниципалдык инспекция тарабынан ижарачыларга КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 179-беренесинин 1-бөлүгү боюнча айыптар салынган. Демонтаждалган мүлк ошол жерден айып жайга жеткирилди.