«Тазалык» муниципалдык ишканасы шаарды көрктөндүрүү жана санитардык тазалоо иштерин улантууда.

6-октябрдан тарта ишкананын кызматкерлери таштанды челектерин жана таштанды аянтчаларын  инвентаризациялоону башташты.

Биринчи май району боюнча 1255 таштанды челеги жана 188 аянтча инвентаризацияланат. Ленин району боюнча: 1134 таштанды челеги жана 208 аянтча, Чоң-Арык аймагында: 575 таштанды челеги жана 70 аянтча. Свердлов районунда 1180 таштанды челеги жана 165 аянтча инвентаризацияланат.

Эскерте кетсек, ишкананын кызматкерлери таштанды челектерин оңдоп-түзөөнү улантууда.