Борбор калаанын мэри Эмилбек Абдыкадыровдун тапшырмасы менен Бишкектеги таштанды полигонунда түтүндү өчүрүү иштери жүрүп жатат.

Бул максаттар үчүн муниципалитет тарабынан Профсоюзная көчөсүндөгү топурактарды чыгарууга жана түтөп жаткан жерге төгүүгө  каражат бөлүнгөн. 250 рейс жасоо пландалууда.

Топурактарды чыгаруу  менен көчөнү көрктөндүрүү жана жашылдандыруу үчүн аймак тазаланып, маселени жарым-жартылай чечет.

Учурда жеринде «Тазалык» жана «Бишкекжашылчарба» муниципалдык ишканаларынын, «Бишкекжылуулукэнерго» коммуналдык ишканасынын жана «Бишкексууканал» башкармалыгынын, «Бишкекасфальтсервис» ишканасынын атайын техникалары иштеп жатат.