Шаардык саламаттыкты сактоо башкармалыгы ҮМБларга 3 тез жардам унаасын жана каза болгондордун сөөгүн ташууга 1 атайын унаа алууну пландоодо.
Буга чейин унааларды сатып алуу боюнча тендер жарыяланган.
Атайын унааларды алууга 8 миллион 200 миң сом каралган.
Жумушчу топ унааларды сатып алуунун техникалык шартын иштеп чыкты.
Буйруктун негизинде сатып алуу жол-жобосун жүргүзүү үчүн тендердик комиссия түзүлгөн.
Борбор калаанын үй-бүлөлүк дарыгерлер борборлорунун амбулаториялык кызматын уюштуруу үчүн тез жардам унааларын жана шаардык саламаттыкты сактоо башкармалыгынын Автобазасы үчүн каза болгондордун сөөгүн ташуу үчүн 1 атайын транспортту сатып алуу боюнча тендер мамлекеттик сатып алуулар порталына жарыяланды. http://www.zakupki.gov.kg/