Бишкек шаарынын мэриясынын түзүмдүк бөлүмдөрү арасында өткөрүлгөн “Мамлекеттик тилде иш жүргүзгөн мыкты мекеме” сынагында Шаардык чарба департаменти биринчи орунду багындырды.
Бүгүн мамлекеттик тил күнүнүн 33 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чара Т.Сатылганов атындагы кыргыз улуттук филармониясында өткөрүлүп, сыйлыктар тапшырылды.
Аталган сынак Бишкек шаарынын мэриясынын Мамлекеттик тилди өнүктүрүү бөлүмү тарабынан өткөрүлдү.