Ленин районунда пробация кеңешинин жумушчу жыйыны болуп өттү. Пробация кеңешинин мүчөлөрү Ленин райондук пробация бөлүмүнүн башчысынын 2022-жылдын 3-кварталында аткарылган иштер боюнча маалыматын угушту, ошондой эле Пробация кеңешинин 2022-жылдын 4-кварталындагы ишинин аткарылышы боюнча маселелерди талкуулашты.

Жыл башынан бери муниципалдык администрация Ленин райондук пробация бөлүмү менен биргеликте 2022-жылга карата иш планын бекиткен. Пландын алкагында 350 адамга социалдык, юридикалык жана психологиялык жардам көрсөтүлүп, ишке орношуу мүмкүнчүлүгү, укук белгилөөчү документтерди каттоого жана калыбына келтирүүгө көмөктөшкөн, анын ичинен: эркектер – 297, аялдар – 45, жашы жете электерге – 8 адам. Ал эми 9 ай ичинде 180 пробация кардарларына жардам көрсөтүлуп, каттодон чыгарылган.

Пробация - соттолгон адам сот тарабынан белгиленген сыноо мөөнөтүнө атайын органдардын көзөмөлүнө коюлуучу шарттуу жазанын түрү. Пробация төмөнкүдөй каралышы мүмкүн: кылмыш жазасынын бир түрү; альтернативдик жазаны аткаруу системасы; кылмыштуулуктун алдын алуу боюнча чара; соттолгон адмды түзөтүү процесси; коомдук-укуктук контролдун формасы. Пробация тергөөдө жаткан адамдын же соттолгон адамдын жүрүм-турумун көзөмөлдөөдөн, ага сот тарабынан жүктөлгөн милдеттерди аткаруудан, анын жүрүм-турумун оңдоодон, коомго адаптациялоого көмөк көрсөтүүдөн жана анын кайталанма кылмыштарды жасоосуна бөгөт коюудан турат.