9-октябрда саат 6:00дөн баштап “Ак илбирсти сактайлы” эл аралык  жарышынын  өтүшүнө байланыштуу марафондун катышуучулары чуркай турган көчөлөр тосулат.

Тосуу каттам боюнча электрондук хронометраж системасынын пункттарын, ошондой эле каттамдын боюнда катышуучулар үчүн тамактануу пункттарын коюу зарылчылыгына байланыштуу.

Жабылуучу көчөлөр:

- Чүй проспектиси Манас проспектисинен Ю.Абдрахманов көчөсүнө чейин;
- Абдрахманов (Совет) көчөсү Чүй проспектинен Иманалиев көчөсүнө  чейин;
- Иманалиев көч. Абдрахманов көчөсүнө Ч.Айтматова  проспектисине чейин;
- Масалиев көч. Абдрахманов көчөсүнөн  Ч.Айтматов проспектисине чейин;
- Айтматов көчөсү  Иманалиев көчөсүнөн Чүй проспектисине чейин.

Урматтуу шаар тургундары! Келтирилген ыңгайсыздык үчүн кечирим сурайбыз жана маршрутуңузду алдын ала пландаштырып алууңуздарды суранабыз.

ЖМКнын аккредитациясы +996556555999, Айгерим Моңошбекова.