2022-жылга карата шаардык бюджетте ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн ыңгайлуу, газ  менен жүрүүчү заманбап дизайндагы, жаңы шаардык жүргүнчү автобустарын сатып алууга 1 миллиард сом өлчөмүндө акча каражаты каралган.

2022-жылдын 17-июнунда Бишкек жүргүнчүлөр автотранспорттук ишканасы тарабынан шаардык жүргүнчүлөрдү ташуучу автобустарды сатып алуу боюнча комиссия түзүлгөн.

Сынактык комиссиянын курамына Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары, Бишкек шаарынын мэриясынын Транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаментинин, Бишкек шаарынын мэриясынын Муниципалдык менчикти башкаруу департаментинин, «Бишкек троллейбус башкармалыгы» муниципалдык ишканасынын өкүлдөрү кирет.

Тендердик комиссиянын мүчөлөрүнүн жыйынында жүргүнчүлөрдү ташуучу шаардык автобустарды сатып алуу боюнча бардык керектүү материалдар каралып, изилденди. Жыйынтыгында тендердик документация жактырылып, автобустарды сатып алуу жөнүндө кулактандыруу убактылуу: tenders.kg порталында 11 календардык күндүк мөөнөткө чексиз ыкма менен жарыяланган.

2022-жылдын 12-июлунда конкурстук табыштамалардын ачылышы болуп өттү, ачуу протоколуна ылайык, 4 катышуучу аныкталды:

1. SHAHGAI SPV SPECIAL VEHICLE CO LTD;
2. «Beles KG» ЖЧКсы ;
3. Ютонг Бас Ко ЛТД;
4. XIAMEN GOLDEN DRAGON BUS. LTD.

Конкурстук сунуштарды кароонун жүрүшүндө олуттуу кемчиликтер аныкталды. Конкурстук комиссиянын чечими менен катышуучулардын бардык конкурстук сунуштары четке кагылды, ал эми техникалык тапшырмага жана конкурстук документацияга ылайык келбегендиктен сынак жараксыз деп табылды.

2022-жылдын 14-июлунда тендердик комиссия жүргүнчүлөрдү ташуучу шаардык автобустарды сатып алуу боюнча тендердик документациядагы талаптарды кайра карап чыккан. Тендер 7 календардык күндүк мөөнөт менен чексиз сатып алуу ыкмасы менен кайрадан жарыяланган.

2022-жылдын 21-июлунда ошол эле катышуучулардын жүргүнчүлөрдү ташуучу автобустарды сатып алуу боюнча билдирмелери ачылган. Катышуучулардын конкурстук сунуштары техникалык тапшырмага жана тендердик документацияга туура келбегендиктен сынак кайрадан жараксыз деп табылды.

Андан ары автобуска эң төмөнкү бааны бере турган өндүрүүчү менен келишим түзүүнүн түз ыкмасы менен сатып алуу чечими кабыл алынды. Коммерциялык сунуштарды изилдөөнүн жүрүшүндө комиссия Zhongtong Bus Hoiding Co., Ltd компаниясынын жеңүүчүсүн аныктады, анын автобустары техникалык талаптарга жооп берген жана жабдуулардын бирдигинин баасы атаандаштарынан 20% төмөн болгон.

Мына ушуга байланыштуу 2022-жылдын 15-августунда Zhongtong Bus Hoiding Co., Ltd компаниясы менен 120 автобус алып келүү боюнча келишимге кол коюлган. Келишимдин шарттарына ылайык, электрондук банк кепилдиги алынгандан кийин, 2022-жылдын 6-сентябрында «БЖАИ» МИ жалпы суммадан 10% өлчөмүндө жана 2022-жылдын 29-сентябрында жалпы суммадан 10% өлчөмүндө аванстык төлөм которгон.

Ошондой эле, тендердин шарттарына ылайык, бардык бажы төлөмдөрү жана салыктары сатып алуучу уюм тарабынан төлөнөрүн билдиребиз, т.а.  "БЖАИ" МИ, мындан тышкары, товарлардын бул категориясы артыкчылыктуу болуп саналат жана КНС салынбайт. Сынактын шартында алгач 10% импорттук алым каралган. SH.S.S.V. CO LTD сунуштаган автобустардын баасы боюнча арызга ылайык, Башкы прокуратуранын маалыматында көрсөтүлгөн  бажы төлөмдөрүн жана салыктарын камтыган эмес жана 96 миң АКШ долларын түзгөн, бул Zhongtong Bus Hoiding Co., Ltd тарабынан сунушталган 89 миң АКШ долларын түзгөн баадан жогору,  тетиктери менен бирге 91 миң доллар болгон.

Кошумча катары айта кетсек, келишимдин шарттарына ылайык, Zhongtong Bus Hoiding Co., Ltd тарабынан “БЖАИ” МИнын аймагына чейин автобустарды жеткирүү жүзөгө ашырылат. Ишкананын дареги: Бишкек ш., Кустанай көч. №1/а.