Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыровдун катышуусунда борбор калаада Панфилов көчөсүнүн бир бөлүгү ачылды.

Медеров көчөсүнөн Чыгыш Чоң Чүй каналына чейин (ЧЧЧК), Панфилов көчөсүнүн бөлүгүндө оңдоо иштери жүргүзүлдү.

Реконструкциядан кийин жолдун жүрүүчү бөлүгүнүн туурасы 9 метрди, узундугу 726 метрди түздү.

Жөө жүргүнчүлөр үчүн да кам көрдүк – жолдун эки тарабына тротуарларды төшөп, жашыл жерлерди сугарууну уюштурдук.

Ошондой эле, жол белгилерин түшүрүп, орноттук.

Белгилей кетсек, Панфилов көчөсүндө Биринчи май РИИБдин боюнда жол жок болчу, жөө жүргүнчүлөр өтүүчү тротуар гана болгон.

Эске салсак, “Бишкек шаарынын жол тармагын өнүктүрүү” долбоорунун экинчи фазасы эки жылга эсептелген. Долбоордун алкагында жалпы узундугу 70 чакырымдан ашкан 60 көчө реконструкцияланат, ошондой эле 5 көпүрө курулган.

Кытай Эл Республикасынын гранттык каражаттарынын эсебинен подрядчы – China Road and Bridge Corporation уюму тарабынан иштер жүргүзүлдү.