Теннис, армрестлинг жана пауэрлифтинг боюнча олимпиадалык резервдин адистештирилген балдар-өспүрүмдөр мектебинин теннис талаасында КРнын эмгек сиңирген машыктыруучусу Акиншин Валентин Сергеевичти элесине арналган жыл сайын өтүүчү турнир аяктады.

Бул жылы турнирге шаарыбыздын ар кайсы клубдарынан 110 катышуучу чогулуп, оюн 3 жаш курагы боюнча өттү: 2006-2008, 2009-20011 жана 2012 жана андан кичүү.

Үчүнчү топтогу балдар жана кыздар ITF эрежелерине ылайык атайын «жашыл топтор» менен ойношту.

Жаш спортчулардын ата-энелери бир добуштан уюштуруучуларга аткарылган иштерге жогору баа беришип,  турнир жогорку деңгээлде өттү.

Оюн талаасында достук атмосфера өкүм сүрдү, анткени мелдештер жарыш үчүн гана эмес, баарлашуу үчүн да керек.

Турнирдин жыйынтыгы:
2012 жылкы жана андан кичүү кыздар арасында:
1-орун - Байдылаева Н.;
2-орун - Алимова А.;
3-орун - Мансурова Д.

Балдар арасында:
1-орун - Кулжаев К.;
2-орун - Абдибаев Ш.;
3-орун - Кулжаев Э.

Кыздар 2009-2011:
1-орун - Эсенова Э.;
2-орун - Мызаева С.;
3-орун - Зачиняева Н.

Балдар арасында:
1-орун - Асеинов Б.;
2-орун - Абдибаев Ы.;
3-орун - Кулжаев Э.

Кыздар 2006-2008:
1-орун - Исмаилова Э.;
2-орун - Любченко В.;
3-орун - Райканова Ж.

Балдар арасында:
1-орун - Бедылдаев Т.;
2-орун - Могилевский Д.;
3-орун – Өскөнбаев Т.

Жеңүүчүлөрдү куттуктайбыз жана мындан ары да ийгиликтерди каалайбыз!

Эскерте кетсек, учурда мектепте 2013-2015-жылкы балдар арасындагы стол тенниси ийримине кабыл алуу жүрүүдө.

Маалымат үчүн телефон: 0555 99 30 09.