Жыйынга мектеп  директорлору, Ленин райондук билим берүү борборунун директору Таалайгүл Темирканова, «Санариптик технологиялар борбору» муниципалдык ишканасынын башкы инженери Владимир Ковригин, УКМКнын кызматкери жана шаардык ишке орноштуруу борборунун  жетекчиси Анарбаева Дина катышышты.

1.Санариптик технологиялар борборунун  өкүлү автоматташтырылган маалыматтык-электрондук системаны түзүү маалыматты топтоого мүмкүндүк түзөрүн, башкача айтканда, мугалимдер журналга кирүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болорун, ал эми ата-энелер баланын окуусун көзөмөлдөй алаарын белгиледи. Бүгүнкү күндө  №13, 31, 97-мектептер менен пилоттук долбоордун үстүндө иш алып барылууда.
Жаңы долбоорду ишке ашыруу үчүн убакыт керек, келечекте аныкталган көйгөйлөрдүн баары иштелип чыгат.

2.Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин кызматкери Бишкек шаарындагы бардык мектептерде окуучулардын ден соолугун жана коопсуздугун сактоо үчүн мектептерде коопсуздукту күчөтүү керектигин белгиледи.

3.Жыйындын жүрүшүндө мектеп директорлору Кесиптик багыт берүү борборунун ишмердүүлүгү менен таанышып, 9-11-класстын окуучуларынын кесиптик багыт берүү борборуна баруу графигинин аткарылышы жана 2022-2023-окуу жылына кесиптик багыт берүү боюнча иш планын талкуулашты.

4.Баардык мектеп  директорлоруна окуучулардын  билим деңгээлин жогорулатуу боюнча тапшырмалар берилди.
Ленин райондук  билим берүү борборунун директору бардык мектеп  директорлорун мугалимдер күнү менен куттуктап, бардыгына жаңы көрсөткүчтөрдү жана максаттарды ишке ашырууда ийгиликтерди каалады.