“Таза Мурас” улуттук кампаниясынын алкагында борбор калаада масштабдуу ишембилик өтүп жатат.

Шаар тургундары, чарба жүргүзүүчү субъекттердин жана муниципалитеттин түзүмдүк бөлүмдөрүнүн кызматкерлери өздөрүнө бөлүнгөн аймактарда тазалоо иштерин өткөрүп, иретке келтирүүдө.

Бишкек троллейбус башкармалыгынын  жамааты  Ленин районунун аймагында ишембилик  өткөрдү. Москва-Фучик көчөсүнөн Бейшеналиева көчөсүнө чейинки аймакты 200дөн ашык кызматкер тазалады.  

Бишкек шаарынын мэриясынын Муниципалдык мүлктү башкаруу департаментинин жамааты Свердлов районунда ишембилик өткөрүп, департаменттин 60 кызматкери Красный строитель конушундагы скверди иретке келтиришти.

Октябрь райондук администрациясы Байтик баатыр атындагы сейил багында ишембиликке чыгып, ага аппараттын бардык кызматкерлери активдүү катышууда.

Таза шаар – таза коом!