Ишембиликте чогулган  таштандыларды “Тазалык” муниципалдык ишканасы алып чыгууда.

Алсак, линияда 83 атайын техника, 604 тазалоочу жана 184 жүктөгүч иштеп жатат.

Иш-чарага өз аймактарындагы тазалыкчылар активдүү катышып, бул аралыкта жүктөгүчтөр чогултулган таштандылардын баарын тез арада алып чыгарууда.

“Таза Мурас” улуттук акциясынын алкагында Манас проспектиси менен Лев Толстой көчөсүнүн кесилишинде жалпы республикалык ишембилик өтүүдө. Ишембиликке шаардык саламаттыкты сактоо башкармалыгынын 15 кызматкери активдүү катышууда.

Бишкек шаарынын мэриясынын Жеке турак-жай курулуш департаментинин  20 кызматкери ишембиликке чыкты.

«Таза Мурас» акциясына Октябрь районунун МАБдарынын кызматкерлери дагы  катышууда. МАБдардын 50дөн ашык кызматкерлери өздөрүнө бекитилген аймактарды тазалашты.