Шаардык саламаттык сактоо уюмдарынын кызматкерлери, негизги иши менен алектенбегендердин баары санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди сактоо менен өз аймактарынын тегерегин тазалап, бекитилген участокторду тартипке келтиришти.

Саламаттыкты сактоо уюмдары ар дайым аймакты тыкан жана таза сактоого убакыт бөлөт.

Эске салсак, масштабдуу ишембилик өлкөнүн бардык аймагында "Таза мурас" жалпы улуттук кампаниясынын алкагында өтүп жатат.

Урматтуу шаардыктар! Экологияга, тазалыкка жана ыңгайлуулукка кам көрүү ар бирибизден башталат! Жарандык активдүүлүктү көрсөтүңүздөр, четте калбаңыздар!