“Таза Мурас” улуттук кампаниясынын алкагында борбор калаада масштабдуу ишембилик өтүп жатат.

Транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаментинин кызматкерлери ишембиликке шыпыргы, тырмоо, күрөк менен куралданышып, бөлүнгөн аймакты иретке келтирип, активдүү атуулдук позициясын көрсөтүп, айлана-чөйрөнү коргоого салым кошушту!

Бир нече сааттык жумуштун ичинде аймак кескин өзгөрдү. Ал эми бул жумуш биргелешип, жакшы маанайда иштеген экологиялык ишембиликтин катышуучуларынын аракетинин аркасында болду.

Тазалоо иштеринин жүрүшүндө аймак таштандылардан, чөптөн жана жалбырактардан тазаланды.

Ишембиликке департаменттин 60тан ашык кызматкерлери катышып, 5,5 метр куб таштанды чыгарылды.

Ишембиликтин бардык катышуучуларына ыракмат, эмгектин натыйжасын көрүү кандай сонун. Сиз өзүңүздүн кичи мекениңиздин тазалыгына салым коштуңуз.