№13 мектептин базасында район башчысы Русланбек Тагаевдин төрагалыгы алдында Ленин районундагы мектептердин директорлору менен жыйын болуп өттү.

Жыйынга Бишкек шаарынын прокуратурасынын өкүлү Н.Ж. Сулайманов да катышты.

Жыйындын жүрүшүндө жалпы билим берүү уюмдарында мыйзамсыз акча чогултууга тыюу салуу, ошондой эле жашы жете элек өспүрүмдөр арасында укук бузуулардын алдын алуу боюнча маселелер каралып, талкууланды.

Жыйынтыгында мектеп директорлоруна педагогикалык бригадалардын, мектеп администрацияларынын арасында мыйзамсыз акча чогултууга тыюу салуу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү тапшырылды. Эгерде мыйзамсыз акча чогултуу фактылары аныкталса, мектеп жетекчилери жеке жоопкерчилик тартарын эскертилди. Ошондой эле, жашы жете элек өспүрүмдөрдүн жана ата-энелер коомчулугунун арасында укук бузуулардын алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштерин туруктуу негизде жүргүзүү тапшырылды.