Өткөн дем алыш күндөрү “Бишкекжашылчарба” муниципалдык ишканасынын кызматкерлери алгачкы күзгү отургузуу иштерин башташты.

Күзгү отургузуу мезгили өсүмдүктөрдүн жашашына абдан ыңгайлуу болгондуктан, Бишкек шаарынын жашылдандыруучулары Октябрь акимиаты менен биргеликте Байтик баатыр атындагы жаңы парктын аймагына 202 түп жалбырактуу дарактардын көчөттөрүн отургузушту.

Эми парктын көркүн 117 липа, 25 куш алча жана 60 клен дарактары ачууда.

Ал эми В.И.Чапаев атындагы скверине 10 жаңы туя отургузулду.

Белгилей кетсек, күзгү отургузуунун артыкчылыктарынын бири, отургузуу мөөнөттөрүн эске алуу менен, бак-дарактардын аман калуу көрсөткүчү жазга караганда жогору. Өсүмдүктөрдүн тамыр жайып, коромжусуз кыштап, жазында стресске учурабай өсүп баштоого убактысы бар. Көчөттүн ойгонушу жетиштүү тамыр системасы менен ишке ашат.