Ленин районунун акими Русланбек Тагаев Ак-Ордо жаңы конушундагы мектептин курулушунун жүрүшүн текшерди.

Бүгүнкү күндө, конушта 750 орундуу мектеп курулуп жатат.

Азыр курулуш иштерин 150 жумушчу иш алып барууда. Жалпысынан курулуш иштери 70% бүттү, мектеп 2022-жылдын октябрь айынын 20 сынан кийин өз эшигин ачат деп пландалууда.

Учурда ички жасалгалоо, эшик орнотуу, сырдоо, жашылдандыруу иштери жүрүп жатат.

Текшерүүнүн  жыйынтыгы менен райондун башчысы жооптуу кызматкерлерге иштерди сапаттуу жүргүзүп, курулушту белгиленген мөөнөттө бүткөрүүнү тапшырды.