Октябрь райондук администрациясында акими Азамат Дороевдин төрагалыгы алдында кезектеги пландык жыйын өттү.

Райондук кызматтардын, бөлүмдөрдүн жана МАБдын жетекчилери катышты.

Катышуучулар 2 маселени карашты: «Бишкекасфальтсервис», «Бишкекжашылчарба» муниципалдык ишканаларынын аткарган иштери боюнча отчет угулду.

Пландаштырылган кеңешменин жыйынтыгы менен «Бишкекасфальтсервис» МИнин директоруна жыл аягына чейин жолдорду жана тротуарларды куруу боюнча бардык иштерди бүтүрүү, «Бишкекжашылчарба» МИнин директоруна санитардык бутоо иштерин улантуу боюнча жана МАБдын талабы боюнча ишти активдештирүү тапшырмалары берилди.  

Биринчи май районунун башчысы Максатбек Сазыкуловдун жетекчилиги астында райондук кызматтар, бөлүмдөр жана МАБ менен биргеликте күн тартибинде үч маселе каралды: муниципалдык кызматкерлердин анты, Батыш РЭСтин жүргүзүп жаткан иштери тууралуу маалымат, райондогу коомдук-саясий кырдаал.

Алгач администрациянын жана МАБдын 9 кызматкери ант беришти. Экинчи маселе боюнча, Батыш РЭС 39га жакын электр көмөкчордондорун (ЭБ) оңдоо пландалып жатканын, кубаттуулугун жогорулатуу менен эки ТС алмаштыруу пландалганын, 9 айдын ичинде 11 көчөдө 500 метрден ашык кабель реконструкцияланганын билдирди.

Ленин районунда аким Русланбек Тагаевдин төрагалыгы алдында шаардык, райондук кызматтардын жетекчилери жана райондун МАБ жетекчилеринин катышуусунда кезектеги пландуу жыйын болуп өттү.

Жыйындын жүрүшүндө райондун мектепке чейинки жана жалпы билим берүү уюмдарынын күзгү-кышкы жылытуу мезгилине даярдыгы жөнүндө Ленин райондук билим берүү борборунун директорунун маалыматы, ошондой эле Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын Ленин районундагы коомдук-саясий абалы тууралуу отчету угулду.

Жыйынтыгында РББнын директоруна 2022-2023 күз-кыш мезгилинде мектепке чейинки жана билим берүү уюмдарын жылуулук менен үзгүлтүксүз камсыз кылууну жеке көзөмөлүнө алуу, турак жай-коммуналдык чарба иштери боюнча жетекчинин орун басарына жылуулук менен камсыздоо иштерин тыкыр жүргүзүү тапшырылды.

Муниципалдык администрациянын жыйындар залында жетекчи Максатбек Саргазаковдун төрагалыгы алдында кезектеги пландык жыйын болуп өттү.

Ага муниципалдык администрациянын аппаратынын жооптуу кызматкерлери, шаардык жана райондук кызматтардын жетекчилери, кызматкерлери, ошондой эле райондун МАБдын кызматкерлери катышты.

Жыйында жылытуу мезгилине даярдык маселеси каралды.

Жыйындын жыйынтыгында райондун 5 мектебиндеги көмүр мештерин газга өткөрүү ишин көзөмөлгө алуу тапшырылды.