“Балдарга жана жаштарга достук шаар” сынагынын алкагында №9 китепканада жайгашкан коворкинг борборунда жаштар иштери боюнча консультативдик кеңештин мүчөлөрү, ошондой эле Бишкек шаарынын мэриясынын  түзүмдүк бөлүмдөрүнүн өкүлдөрү менен жолугушуу болуп өттү.

Жыйынга борбор калаанын вице-мэри Виктория Мозгачева, Бишкек шаарынын мэриясынын Маданият, спорт, туризм жана жаштар иштери боюнча департаментинин директору Мирлан Парханов, Бишкек шаарынын мэриясынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн өкүлдөрү, жаштар иштери боюнча консультативдик кеңештин мүчөлөрү катышты.

Кеңешке жаш ишкерлер, активисттер, студенттер, мектеп окуучулары, мектеп парламентинин депутаттары кирди.

Вице-мэр социалдык-экономикалык, маданий, чыгармачылык жана илимий зор потенциалга ээ болгон жаштар бүгүнкү күндө өлкөнү өнүктүрүүнүн стратегиялык ресурсу экенин белгиледи.

Ошондой эле жаштарды экономикалык өсүш жана муундардын бакубаттуулугу үчүн эң баалуу адам ресурсу катары кароого болорун баса белгилеп, жаштарды кызыктырган суроолорго жооп берип, шаарды өнүктүрүү боюнча каалоо-тилектерин, сунуштарын укту.

Катышуучулар кеңештин иш пландарын талкуулашты. Бишкек шаарынын мэриясынын түзүмдүк бөлүмдөрүнө иш-чараларды өткөрүүдө жана уюштурууда консультативдик кеңеш менен өз ара кызматташуу  тапшырылды.