Свердлов районунун башчысы Максатбек Саргазаков Эл аралык Кувейт университетинин жаңы окуу корпусунун пайдубалына капсула салуу аземине катышты.

Бул долбоор «Смарт Дженерейшн» коомдук фондунун жана «Rahma», «Fawz Trust» кайрымдуулук фонддорунун демөөрчүлүгүнүн эсебинен ишке ашырылууда.

Жалпы сметалык баасы бир миллион эки жүз элүү миң долларды түздү. Ал 400 студенттик орунга ылайыкталган.