№4 мектеп-гимназиясында Свердлов администрациялык району боюнча Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык администрациясынын жашы жете электер арасында укук бузууларды жана кылмыштуулукту алдын алуу боюнча координациялык кеңешинин пландуу отуруму болуп өттү.

Жыйынга башчынын орун басары А.С.Садыкова, прокурордун жардамчысы Ж.Ж.Маликова, Свердлов райондук ички иштер башкармалыгынын начальнигинин орун басары Нуркеев Э.Б., Социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын начальниги, МАБдардын начальниктери, райондук билим берүү борборунун директору, директорлордун тарбия иштери боюнча орун басарлары, №4,5,10 Үй-бүлөлүк медицина борборлорунун директорлору, №1 төрөт үйүнүн директору жана Свердлов районунун имам хатиби катышты.

Свердлов райондук ички иштер башкармалыгынын жашы жете элек өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын, райондук билим берүү борборунун, Свердлов райондук социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын, №4, 5, 10 үй-бүлөлүк медицина борборлорунун, муниципалдык аймактык башкармалыктарынын жана №1 төрөт үйүнүн репродуктивдик ден соолук жагында жашы жете электердин укуктарын камсыз кылуу жана өспүрүмдөр арасындагы укук бузууларды алдын алуу, балдарга жана үй-бүлөгө карата ырайымсыз мамилени жана зомбулукту алдын алуу боюнча иш-чаралардын планынын аткарылышы жөнүндө 2022-жылдын 9 айы боюнча отчеттору берилди.

Отурумдун жыйынтыгында жашы жете электердин арасындагы укук бузууларды алдын алуу жана репродуктивдүү ден соолук жаатында жашы жете электерге түшүндүрүү иштерин жүргүзүү, ошондой эле өз ара байланышты жана биргелешкен иштерди күчөтүү чечими кабыл алынды.