Римма Васильевна 79 жашта, ал «Бишкекшаарлифт» муниципалдык ишканасында лифтчи-оператор болуп иштеп келет.

Ушул кесипте 29 жылдан бери аркалап, лифтчинин бардык милдеттерин аткарып келе жатат: күн сайын лифттердин иштешин текшерип, камалган жүргүнчүлөрдү чыгарып, эвакуация иштерин жасайт. Бул адам бардык механизмдерин үйрөнүп, лифттин сырларын билип, инженерден кем калбайт.

Көп жылдык билими- тажрыйбага карабастан,  өз ишинде  ар дайым башкаларга жардам берүүгө даяр!

«Бишкекшаарлифт» МИ ишканасынын жамааты, мына  ушундай кесипкөй инсан менен сыймыктанат жана  ишкананын ишине кошкон салымы үчүн Римма Васильевнага ыраазычылык билдирип, ден соолук жана бакубатчылык каалайт.