Борбор калаанын социалдык маселелер боюнча вице-мэри Виктория Мозгачева Социалдык ишкерлер ассоциациясынын өкүлдөрү менен жолугушту.

Жыйында Бишкек шаарынын аймагынан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн ишкердикти жана санариптик көндүмдөрдү өнүктүрүү боюнча инклюзивдик лабораторияны түзүү үчүн жай бөлүү маселеси каралды.

Жыйындын жыйынтыгында Муниципалдык менчикти башкаруу департаментине тиешелүү жайларды бөлүп берүү боюнча сунуштарды даярдоо жана кошумча жыйын өткөрүү тапшырмасы берилди.

Жолугушуу Бишкек шаарын өнүктүрүү жана инвестицияларды тартуу  агенттигинин демилгеси менен уюштурулду.