Биринчи май районунун аймагындагы Мурас-Ордо жаңы конушунда өз билемдик менен курулган курулуштар бузулуп алынды.

Бузуу иштерин Көрктөндүрүү жана жер пайдаланууну көзөмөлдөө боюнча муниципалдык инспекциясы, Биринчи май акимиаты, «Тазалык» ишканасы менен биргеликте жүргүзүүдө.

4-көчөдөгү №903 участканын каршысында топурак басып калган дренаж каналы калыбына келтирилди.

№2088 жер участогуна пайдубал курулган, жашоочулар бул объектини бузуп, жолду ачуу өтүнүчү менен бир нече жолу кайрылышкан. «Бишкекбашкыархитектура» мамлекеттик мекемесинин маалыматы боюнча, бул жер тилкеси конуштун өнүктүрүү схемасына кирген, бирок жол боюнда жайгашкандыктан курулган пайдубалды толугу менен бузуп алып салышты.

8-6-көчөлөрдүн кесилишиндеги №2292 жер участогуна  №9929 жер тилкесинин ээси М.И. тарабынан мыйзамсыз курулган фундамент толугу менен алып салынды.

Түшүндүрүү иштеринен кийин 3-2-көчөлөрдүн кесилишиндеги №2300-участогуна уруксат берилбеген имараттын ээси үч күндүн ичинде өз ыктыяры менен бузууга убада берди. Бул жер тилкеси өнүктүрүү планына киргизилген эмес.

Жаңы конуш негизделген күндөн тартып 9-көчөсүнүн №2501 жер тилкесиндеги Мурас-Ордо конушуна тиешелүү гүл бакчанын  борбордук бөлүгүнө  жаран О.Ш. тарабынан турак үй  курулган. Сүйлөшүүлөрдөн кийин активисттер үй ээсине он күндүн ичинде көчүп кетүүгө жардам берип, турак жайды өз алдынча бузуп алып салууну убада кылышты.

Бул багытта иштер улантылат.

Урматтуу шаардыктар! Турак үй куруу схемасынын эрежелерин сактаңыз, антпесе бузуп алып салуу иштери жүргүзүлөт.

Ушул багыттагы иштер  Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 8-апрелиндеги №109 “Жер участокторун мыйзамсыз басып алуу фактыларынын алдын алуу жана бөгөт коюу боюнча” Жарлыгынын алкагында жүргүзүлүүдө.