Бишкек троллейбус башкармалыгы №14-16 жана №9 көмөкчордондоруна байланыш линияларын ишке киргизди.

Буга чейин бул көмөкчордондордо байланыш линиялары болгон эмес. Троллейбус линиялары иштен чыккан учурда бул тууралуу маалымат борбордук диспетчерге кызматтык телефон аркылуу берилет.

Мындан тышкары №4-5-13 көмөкчордондорго байланыш линиялары тартылат.

Жалпысынан башкармалыкта 19 көмөкчордон бар.