Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров Югорск шаарында (Россия) өткөн бильярд спорту боюнча дүйнө чемпионатынын чемпиону жана баш байге  ээси менен жолугушту.

Мэр жаңы ийгиликтерди каалап, акчалай сертификаттарды тапшырды.

Биринчи орун үчүн Дастан Лепшаковго 50 миң сомдук сертификат, 3-орунга Мадаминов Азизжонго 30 миң сомдук сыйлыктар тапшырылды.

Эскерте кетсек, 4-8-октябрда бильярд жана велоспорт боюнча олимпиадалык резервдин адистештирилген балдар-өспүрүмдөр мектебинин тарбиялануучулары бильярд спорту боюнча эркектер жана аялдар арасында «Уландысы бар эркин пирамида» дисциплинасы боюнча дүйнө чемпиондугуна катышкан.

Мелдеш бильярд спорту жаатындагы эл аралык мамилелерди өнүктүрүү жана чыңдоо, чемпионаттын жыйынтыгы боюнча күчтүү оюнчуларды аныктоо жана албетте “Уландысы бар эркин пирамида” бильярд оюнун жайылтуу максатында өткөрүлдү.

Жалпысынан 52 оюнчу катышып, жыйынтыгында биздин спортчулар төмөнкү орундарга ээ болушту:

Лепшаков Дастан - 1-орун;
Мадаминов Азизжон - 3-орун.

Борбор калаанын мэриясы спортчуларды жеңиши менен куттуктап, мындан аркы ийгиликтерди каалайт.