Биринчи май акимчилигинин жыйындар залында аким Максатбек Сазыкуловдун жетекчилиги алдында коллегиялык отурум өттү.

Анда башчынын орун басарлары, акимчиликтин бөлүм башчылары, шаардык жана райондук кызматтардын, МАБдардын жетекчилери катышты.

Коллегиянын иш планы каралып, 2022-жылдын 9 айында райондун муниципалдык администрациясында, МАБда жана түзүмдүк бөлүмдөрдө аткаруу тартиби, Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик тил жөнүндө» мыйзамынын жана Кыргыз Республикасынын тиешелүү ченемдик укуктук актыларынын аткарылышы жана башка маалыматтар угулду.

Аппарат жетекчиси Медет Кубатбеков биринчи болуп баяндама жасап, жыл башынан бери 6024кө жакын кат келип түшкөнүн, борбор калаанын мэриясынан 1958, акимдин атына 2874, Кыргыз Республикасынан Президенттин аппаратынан 225, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинен – 22, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинен – 31, Бишкек шаардык кеңешинен – 174, юридикалык жактардан – 1571, шаардыктардан – 1303 кайрылуу келип түшкөнүн билдирди.

Акимдин жеке кабыл алуусу боюнча 89 жаран кайрылган, анын ичинен 66сы боюнча оң чечим кабыл алынган, 23 жаранга түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, жүргүзүлгөн талдоого ылайык,  37 жаранга материалдык жардам көрсөтүү, 23 жаран турак жай-коммуналдык чарба боюнча, 29 жаран турак жай бөлүү, жер маселеси боюнча кайрылган.

Райондук социалдык өнүктүрүү  башкармалыгына 2306 кат, билим берүү борборуна 894 кат келип түшкөн.

Экинчи маселе боюнча мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана мамлекеттик тилдеги документтерге  лингвистикалык экспертиза жүргүзүү боюнча жетектөөчү адиси Зарема Сапарбаева коллегия катышуучуларына Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиясынын текшерүүсүнүн жүрүшүндө мамлекеттик тилде иш кагаздарын жүргүзүү 90% аткарылганын белгиледи.

Кошумчалай кетсек, муниципалдык администрациянынын 28 аппарат кызматкери “Сабаттуу жазуу” өнөктүгүнө катышты. Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиясы тарабынан жат жазуу жаздырылды. Жыйынтыгында, 28 кызматкердин ичинен 12 кызматкер “эң жакшы”, 12 кызматкер “жакшы” деп бааланды.  

Жыйынтыгында район башчысы  иш кагаздарынын жана жарандардын кайрылууларынын өз убагында аткарылышына көзөмөлдү күчөтүүнү, иш кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүүнү өзгөчө көзөмөлгө алып, аткаруучулук тартип маселелерин жума сайын ыкчам аппараттык кеңешмеде кароону тапшырды.

Берилген маалыматтардын жыйынтыгында сунуштарды жана сын-пикирлерди эске алуу менен тапшырмаларды жана артыкчылыктуу милдеттерди көрсөтүү менен коллегиянын токтому кабыл алынды.