Жамгыр дарак бутактарынын салмагына таасирин тийгизет.

Мындан улам Бишкек шаарынын мэриясы айдоочуларды жол кырсыктарын жана жеке мүлкүнө зыян келтирбөө үчүн унааларын бактардын жана жеңил объектилердин алдына токтотпоону өтүнөт.

Бак-дарактардын жана бутактардын кулаганына күбө болсоңуз, анда “Бишкекжашылчарба” муниципалдык ишканасынын 32-62-33, 0504 21 06 00 номурларына жана борбор калаанын мэриясынын Call-борборуна: 1840 жана 1850 номурларына кабарлаңыздар. Ошондой эле фото жана видео фактыларды 0554 -182-185 номерине жөнөтүңүздөр.

Этият болуңуздар, жылуу кийиниңиздер!