И.Раззаков атындагы КМТУнин алдындагы Эл аралык логистика жогорку мектебинин кафедрасынын 4-курсунун студенттери Бишкек шаарынын мэриясынын Транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаментине келишти.

Жыйынды Бишкек шаары боюнча “Альянс-Бус” жүргүнчүлөрдү ташуучу ассоциациясынын төрагасы Григорий Николаиди уюштурду.

Студенттер маршруттук тармакты түзүү, коомдук транспорттун пландуу чыгуусун текшерүү, көзөмөлдөө жана мониторинг жүргүзүү, ошондой эле Бишкек шаарынын коомдук транспортунун жалпы иштеши боюнча функциялар, милдеттер жана иш багыттары менен таанышты.

Студенттерди кызыктырган бардык суроолорго Транспорт департаментинин директордун орун басары Сагынбек уулу Нурбек жана бөлүмдүн башчылары жооп беришти.  

Экскурсиянын аягында студенттер Бишкек шаарынын мэриясынын Транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаментине баруу мүмкүнчүлүгү үчүн ыраазычылык билдиришти.